Бабановдун кызматтан кетишине жарандардын 70 пайызы макул эмес

Market Intelligence аналитикалык борбору өкмөттүн кызматтан кетиши туурасында калктын оюн билип, иликтөө жүргүздү. Анда депутаттардын Өмүрбек Бабановго карата ишеним көргөзбөөчүлүк чечимине жарандар макулбу же жокпу, буга аталган борбор жооп издеп көрдү. Иликтөө социалдык cурамжылоо иретинде жүргүзүлдү. Ушул жылдын август айында 1 000 дей респондент сурамжылоого катышкан (Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган 18 жаштан жогорку жарандар).

Маалыматка караганда, сурамжылоого катышкан жарандардын 70 пайызы аталган чечимге макул эместигин билдиришти. Калган 30 пайызы гана көтөрүлгөн демилгени колдоорун айтышкан.

Жалал-Абад облусунда сурамжылоого катышкандардын 35 пайызы, Бабановдун кызмат ордунан кетиши тууралуу маселеси боюнча депутаттардын чечимине макулдугун билдиришкен. Ал эми Ош облусунда 32,5 пайыз, Чүй жана Бишкекте 30 пайыз, калган облустарда респонденттердин 20 пайызы макулдугун билдиришкен.

Бабановдун кызматтан кетиши тууралуу чечимге макул болбогондор 36 жаштан 45 жашка чейинки жарандар болду. Алар жалпысынан 70,4 пайыз. Ошондой эле 25-35 жаш арасындагы жарандардын 70 пайызы аталган демилге менен макул эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД