70 000 долларлык унааны айдап качып кетишти

"Гавайи" кафесинин унаа токтотуучу жайынан кымбат баалуу "жол тандабасты" айдап качып кетишти. Анын баасы 70 000 АКШ доллары, деп билдирди Чүй облустук ШИИБнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Чүй РИИБга Бишкек шаарынын 30 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2-сентябрда болжол менен 22:00де, белгисиз бирөөлөр "Гавайи" кафесинин унаа токтотуучу жайынан боз түстөгү "Тойота Ленд Крузер-200" унаасын айдап качып кеткендигин билдирген. Келтирилген чыгым 78 мин долларды чапчыды.

Учурда ыкчам издөө иш чарасы уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД