Курманбек Дыйканбаев: Исаев колдоочу тобум бар деп калп айткан

Мурунку "Республикачы" Канат Исаев, өзүнүн тобун фракциянын көпчүлүгү колдойт деп билдирүү жасап калп айткан. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда аталган фракциянын депутаты Курманбек Дыйканбаев "ВБ" га берген маегинде билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн "Республикачылар" жабык отурумга чогулушуп, анда Канат Исаевди партиядан гана эмес, фракциядан да четтетүү чечимин кабыл алышкан. Дыйканбаевдин айтымында, отурум маалында Исаевдин өзүнүн тобун фракциянын көпчүлүгү колдойт деп кесиптештеринин атын колдонуп жүргөндүгү белгилүү болду.

"Депутаттар Абдулатип Режавалиев жана Мирлан Бакиров Исаевдин "менин тобумду колдойт" дегенине бүгүн нааразы кептерин айтышты. Алар эч бир нерсеге кол коюшпагандыгын жана бүгүнкү чечимге макул болгондуктарын билдиришти", дейт депутат. "Исаев фракциянын атынан гана cүйлөбөстөн , кесиптештери үчүн да cүйлөчү экен"- дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД