Сокулук районунда мектеп окуучусун ток уруп каза болду

"Түндүк Электр" ААКнын басма сөз кызматы билдиргенине караганда, Чүй облусундагы Сокулук районунан башталгыч класстын окуучусу кырсыкка учурады. Маалыматка таянсак, жергиликтүү тургундар короого жакын турган теректи таарып жатышкан. Терек кулаган маалда 0,4 кВ электр берүүчү аба түйүнүн кошо илип кеткен. Жыйынтыгында, ток өткөргүч тор тосмого асылып калган. Жакын арада ойноп жүрүшкөн балдар тосмого жакын келишкен. Ошол маалда торго жакындаган баланы электр тогу уруп каза болгон.

Энергетиктер бак-даракты кыюуда РЭСке билдирүү керек экендигин эскертет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД