Чоң Чүй каналына унаа кулап кетти: 3 жаран каза тапты

Москва районунда адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсыгы 3-сентябрда танкы саат 6да, Беловодское айылында катталган. Панфилов районунун Чалдыбар айылынын тургуну 29 жаштагы айдоочу унааны башкара албай калып, жолдон чыгып кеткен. Натыйжада унаа каналга кулап кеткен.

Айдоочу ар кандай жаракат алып ооруканага жеткирилди. Ал эми жанындагы 3 жүргүнчү орундарынан каза болгон . Алар 20-25 жашта болчу деп айтылууда.

Учурда кырсыктын чоо жайы иликтенүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД