20-сентябрда Путин Кыргызстанга келет

Ушул жылдын 20-сентябрында Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин расмий иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Путин жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев эки тараптык байланышка тиешелүү актуалдуу маселелер туурасында талкуулашат, деп жазылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД