Кыргызстандык балбандар грек-рим боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышат

Бүгүн, 5-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандык үч балбан жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатка катышат. Мелдештин расмий сайты билдиргендей, 55 кг.га чейинки салмак категориясында кыргызстандык Мирхат Максатов болгардык балбан менен беттешмекчи. 66 кг.га чейинки салмак категориясында Арсен Айылчиев румыниялык спортчу менен таймашат. Ал эми 84 кг.га чейинки салмак категориясында Аман Токтогонов грузиялык балбан менен бетме-бет чыгат.

Эске салсак, жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионат 4-сентябрда Бангкокто (Таиланд) башталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД