Хаджимурат Коркмазовго каршы нааразычылык акция өтүп жатат

Бүгүн, 5-сентябрда Ак үйдүн алдында Хаджимурат Коркмазовго каршы нааразычылык акция өтүп жатат. Маалыматка караганда парламенттин имаратынын алдында 200гө чукул жаран чогулган. "Апрель Баатырлары" коомдук бирикмесинин төрагасы Турусбек Сагынаевдин айтымында, нааразы болгондор Коркмазовдун элдин алдына чыгып мандатын тапшыруусун талап кылышууда.

"Мындай депутаттар кимдир-бирөөнү улутчул деп атап, өлкөнүн биримдигине доо келтирет. Андайлар парламенттен кетиши керек", - дейт Сагынаев.

Ошондой эле, чогулгандар депутат Роман Шин менен Нарынбек Молдобаевди дагы мандаттарын тапшырсын деген талап коюшууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД