Коркмазов: Күнөөм бар болсо жоопкерчиликке тартылууга даярмын

Бүгүн , 5-сентябрда, депутат Хаджимурат Коркмазов, "Ата -Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин таккан айыптарын иликтөөгө даяр экендигин билдирди.

Эске салсак кечээ, 4-сентябрда, Ташиев, Коркмазовдун "Ата-Журтту" улутчул деп атады деп сотко берүү ниетин билдирген. "Мен эч качан, эч кимге Ташиев улутчул деп айткан эмесмин. Ал тургай партияны дагы улутчулдукка айыптаган эмесмин. Укук коргоочу жана тергөө органдары деген бар. Эгерде күнөөм бар болсо, жоопкерчиликке тартылууга даярмын",- дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД