Сатыбалдиев: Фермерлердин 10 пайызы гана жеткиликтүү насыя алышкан

"Менин билишимче фермерлердин 10 пайызы гана жеткиликтүү насыя алышкан",- деп бүгүн, 5-сентябрда, жаны түзүлгөн "Ырыс алды - ынтымак" көпчүлүк коалициясынан премьерликке көрсөтүлүп жаткан Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Айтымында, фермерлерге жеткиликтүү насыя берүү программасын кайрадан карап чыгуу керек.

Ошондой эле кадр маселесине токтолуп, бардык министрлерге өзүлөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бере тургандыгын айтты. Эгерде андай болбогон күндө министрлер менен кош айтышууга туура келерин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД