Сатыбалдиев: Өмүрбек Бабановдон тажрыйбам жана жашым менен айрымаланам

"Мен Өмүрбек Бабановдон тажрыйбам жана жашым менен айрымаланам", -деп 5-сентябрда "Ырыс алды - ынтымак" көпчүлүк коалициясынан премьерликке көрсөтүлүп жаткан Жантөрө Сатыбалдиев айтты.

Депутат Ширин Айтматованын "Бабановдон сиздин айырмаңыз эмне?" деген суроосуна, "Бабанов - жаш, бою узун жана креативдүү" деп жооп кайтарды.

Ошондой эле, парламенттегилер премьерликке келе турган талапкердин реформалары туурасында айтып беришин суранышты. Сатыбалдиев билдиргендей, реформа эл үчүн болушу керек. "Мен бир канча тармактарды реформалагам. Реформалар бардык багыттар менен кетет, бирок биз буга чейинкисин анализдеп чыгышыбыз зарыл. Мисал катары айтсак, ИИМдин системасын мурунтан бери эле реформалап келе жатабыз, бирок коррупция дагы да болсо гүлдөп жатат",- деди Сатыбалдиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД