190 кг героин ташып бара жаткан унаа кармалды

Казакстандын бажы кызматкерлери кечээ,4-сентябрда, Кыргызстандын чек арасында жайгашкан "Карасуу" постунан ири көлөмдөгү героин ташып бараткан жүк ташуучу унааны кармашты. Бул тууралуу Lenta.ru билдирет.

Жамбыл облусу боюнча бажы көзөмөлдөө департаментинин маалыматына ылайык, унааны текшерүү маалында 190 кг.дык маңзаты табылган. Жалпы баасы 190 млн. АКШ долларын түзөт.

Эске салсак, аталган партиянын көлөмү Казакстанда 2011-жылы кармалган бангизаттан дагы көптүк кылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД