"Ата-Журт" жана "Республика" фракциялары күчтүү оппозициялык альянсты түзүшөт

"Ата-Журт" жана "Республика" парламенттик фракциялары бириге турган болсо, күчтүү оппозициялык альянсты түзүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда, саясий серепчи Токтогул Какчекеев "ВБ"га берген маегинде айтты.

Айтымында, азыр түндүк-түштүк маселеси арткы планда калды. Анткени "Республика"- түндүк тараптан, "Ата-Журт"- түштүк тараптан.

"Азыркы тапта алар оппозициялык маанайда чыгып жатышат. Бүгүн бийликке түштүктүктөр деле келишти, бирок эч кимге эч кандай таасир берген жок. Бул оң көрүнүш", - деди серепчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД