Жээнбеков митингчилерди жумасына бир жолу кабыл алып турмакчы

Бүгүн, 5-сентябрда, Кыргыз парламентинин төрагасы Асылбек Жээнбеков Хаджимурат Коркмазовго каршы митингге чыккандар менен жолугушту. Анда ал нааразы болгондорго ар кандай көйгөйлөрдү талкууга алыш үчүн, аларды жумасына бир жолу кабыл алып турууга сөз берди. Бул туурасында журналисттерге акциянын катышуучуларынын бири Эсен Жумалиев төрага менен жолуккандан кийин айтты.

Анын маалыматына караганда, жолугушуу учурунда "Ата-Журт" партиясынын мурунку депутаты Коркмазовдун айланасындагы кептер тууралуу гана сөз болбостон, ар тараптуу көйгөйлөрдү да талкууга алышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД