Камчыбек Ташиев: Биз оппозициялык ишмердүүлүгүбүздү улантабыз

Бүгүн, 5-сентябрда, "Ата-Журт" оппозициялык фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев "ВБ" га берген маегинде, "Биз оппозициялык ишмердүүлүгүбүздү улантабыз. Ошондой эле өкмөттүн кемчилигин сындайбыз", - деди.

Элдик депутаттын айтымында, "Ата-Журт" жана "Республика" фракциялары биригүү ниетинде.

Ташиевдин пикиринде, коалицияны - коалициядан сырткаркы фракциялардын топтору менен түзүү мыйзамдуу эмес. Ошондой эле фракциядан айрым депутаттардын чыгып кетүүсү дагы мыйзамсыз. "Бул депутаттык этиканы бузууда. Эл атайын бир депутат үчүн добуш берген эмес, алар партиялык тизмеге добуш беришкен",- дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД