Белорусия Бакиевди Кыргызстан тарапка өткөрүп берүүдөн баш тартты

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы экс-президенттин бир тууганын кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн, Белорусиянын Башкы прокуратурасына Жаныш Бакиевди өткөрүп берүүсүн суранып кайрылышкан. Бул маселе боюнча ишти Белорусия 2012-жылдын июнь айында карап чыккан. Мындай маалыматты Белорусиянын башкы көзөмөлдөө органынын расмий сайты билдирди.

Маалыматта 2002-жылдын 7-октябрынан тартып жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иши боюнча укуктуу жардам жана мамиле турасындагы Конвенциянын 89-беренесине ылайык, эгерде иш улутуна, жынысына, динине карата же саясий куугунтуктоого байланыштуу болуп, ошол эле учурда жаранды өткөрүп берүүнү суранышса, анда суранган тарапка жаран өткөрүлүп берилбейт, деп айтылат.

Белорусия тарап кырдаалды иликтеген сон, Жаныш Бакиевди баш паанек издеп барган жаран катары аны Кыргызстан тарапка өткөрүп берүүдөн баш тартты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД