Кыргызстандын парламенти жаңы өкмөттүн курамын бекитти

Кечээ, 5-сентябрда Кыргызстандын парламенти, Жантөрө Сатыбалдиев сунуштаган жаңы өкмөттүн курамын бекитти.

Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн структурасын 112 добуш менен бекитишти. Премьер-министрди кошо эсептегенде, министрлер кабинетинин курамы үчүн 113 депутаттан 111и добуш берди. Ал эми программа үчүн 109 добуш чогулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД