Жогорку Кеңеш Сатыбалдиевди премьер-министрлик кызмат ордуна бекитти

Кечээ, 5-сентябрда, Жогорку Кеңеште жаңыдан түзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн иш программасынын, анын түзүмү менен курамынын долбоорлору каралып, узакка талкууланган соң, электрондук ачык добуш берүү аркылуу Өкмөттүн иш программасы жана анын түзүмү менен курамы бекитилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын күн тартибиндеги маселелер боюнча кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтому менен, КР өкмөтүнө өзүнүн бекитилген иш программасын каржылык жактан камсыз кылууну тактоо, аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын тутумун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

КР өкмөтүнүн түзүмүнө төмөнкүлөр кирди:

- КР Тышкы иштер министрлиги;

- КР Коргоо министрлиги;

- КР Ички иштер министрлиги;

- КР Юстиция министрлиги;

- КР Финансы министрлиги;

- КР Экономика министрлиги;

- КР Айыл чарба жана мелиорация министрлиги;

- КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;

- КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

- КР Энергетика жана өнөр жай министрлиги;

- КР Билим берүү жана илим министрлиги;

- КР Саламаттык сактоо министрлиги;

- КР Маданият жана туризм министрлиги;

- КР Социалдык өнүгүү министрлиги;

- КР Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги;

- КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети.

КР өкмөтү төмөнкүлөрдөн турат:

- КР премьер-министринен;

- КР биринчи вице-премьер-министринен;

- КР вице-премьер-министрлеринен;

- өкмөттүн аппаратынын жетекчисинен – КР министринен;

- КР министрлеринен;

- КР мамлекеттик комитетинин төрагасынан.

КР өкмөтү төмөнкүдөй курамда аныкталды:

- Сатыбалдиев Жантөрө Жолдошевич – КР премьер-министринин кызмат ордуна;

- Оторбаев Жоомарт Каипович - КР биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

- Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевич– КР вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

- Талиева Камила Абдыразаковна – КР вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

- Момуналиев Нурханбек Сакенович– КР өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин – КР министринин кызмат ордуна;

- Абдылдаев Эрлан Бекешович – КР Тышкы иштер министринин кызмат ордуна;

- Рысалиев Зарылбек Кылычбекович – КР Ички иштер министринин кызмат ордуна;

- Шыкмаматов Алманбет Насырканович – КР Юстиция министринин кызмат ордуна;

- Лаврова Ольга Владимировна – КР Финансы министринин кызмат ордуна;

- Сариев Темир Аргембаевич – КР Экономика министринин кызмат ордуна;

- Узакбаев Чынгызбек Макешович – КР Айыл чарба жана мелиорация министринин кызмат ордуна;

- Султанов Калыкбек Иманалиевич – КР Транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна;

- Боронов Кубатбек Айылчиевич – КР Өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна;

- Калмамбетов Автандил Исмаилович – КР Энергетика жана өнөр жай министринин кызмат ордуна;

- Садыков Канатбек Жалилович – КР Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна;

- Сагынбаева Динара Зарлыковна – КР Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна;

- Жунусов Ибрагим Кожоназарович – КР Маданият жана туризм министринин кызмат ордуна;

- Султанов Кылычбек Камчыевич – КР Социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна;

- Алымкулов Алиясбек Төлбашиевич – КР Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин кызмат ордуна;

- Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович - КР Коргоо министринин кызмат ордуна (КР Президентинин номенклатурасы);

- Атаханов Шамил Есенжанович - Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы кызмат ордуна.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД