Мирбек Сүйүнбаев Тай боксу боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышат

Санкт-Петербург шаарында өтө турган Тай боксу боюнча дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын атынан аталган спорттун түрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттын эки жолку чемпиону Мирбек Сүйүнбаев катышат. Мелдеш ушул жылдын 6-сентябрынан 12-сентябрга чейин уланат.

"М. Сүйүнбаев" атындагы спорт клубунун маалыматына караганда, бул жылы спортчу Тай боксу боюнча дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын курама командасынын атынан алгачкы жолу чыгат. Ошондой эле, ал өзүнүн спорт клубунун атын дагы таанытмакчы.

Сүйүнбаев 67 кг. салмак категориясында мелдешке чыгат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД