Ашказанына героин катылган Кыргызстандын жараны чек арада кармалды

Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу "Кордай" чек ара постунан, Кыргызстандын жараны кармалды. Ал өзүнүн ашказаны аркылуу героин алып өтүүгө аракет жасаган. Бул туурасында КТК телеканалы билдирди деп жазат Тенгриньюс сайты.

Маалыматка караганда, опер кызматкерлери шектүү жаранды тинтүү маалында эч нерсе таба алышкан эмес. Бирок, кылдаттык менен текшериш үчүн жаранды ооруканага алып келишкен. Натыйжада, кармалган жарандын ашказанында 50 грамм салмактагы героин салынган пакет бар экенин аныкташкан. Багизатты табыйгый жол менен жутканын айткан курьер, өзү колдонуу үчүн мындай кадамга барганын кошумчалаган. Бирок полиция кызматкерлери, жаранды Казакстанда көрүнүктүү киши күтүп турган болушу керек деп эсептешүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД