Келдибеков: Сатыбалдиев жаңы өкмөттүн курамына ичи бышпаганын айтты

"Жаңы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жаңы өкмөттүн курамына ичи бышпаганын өзү айтты", - деп "ВБ" га берген маегинде Ата-Журт фракциясынын мүчөсү Акматбек Келдибеков билдирди.

Эске салсак, кечээ "Ата-Журт" жана "Республика" фракциялары, "Ырыс алды-ынтымак" көпчүлүк коалициясына каршы "Мыйзамдуулук жана адилетүүлүк" оппозициялык коалициясын түзүшкөн. Ошондой эле, кечээ, 5-сентябрда депутаттар премьер-министрлик кызматка Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин колдошкон.

Келдибеков парламенттеги талкуу маалында Сатыбалдиевдин чынчылдыгын баалагандыгын айтты. Ал министрлер кабинетинин жаны курамына Сатыбалдиевдин өзү ичи бышпаганын ачык айткандыгын кошумчалады. "Биздин пикирлер ушул жааттан дал келди. Мындан улам Сатыбалдиевдин талапкерлигин колдодук",- деди Келдибеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД