Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан соттук отурум болду

Бүгүн, 6-сентябрда, Кыргызстандын президенттик администрациясынын мурунку башчысы Медет Садыркуловдун, Сергей Слепченконун жана Кубат Сулаймановдун өлүмдөрүнө байланышкан соттук отурумда, каза болгон Садыркуловдун бир тууганы Болотхан Садыркулов көрсөтмө берди.

Айтымында, ал 2009-жылдын 13-мартында агасына бир нече жолу телефон чалган. Бирок, жооп ала алган эмес. Болжол менен саат 11де Садыркуловдун кызы телефон чалып, аны моргго келип өлүктү тааныш үчүн чакырганын айтат.

"Садыркулов жана башкалардын жол кырсыгына кабылышы атайын буюртма деген ишенимде болгом",- дейт Болотхан мырза. Ошондой эле, алардын үй-бүлөсүн белгисиз бирөөлөр аңдыганын, телефондору тыңшалганын билдирди.

Эске салсак, Кыргызстандын президенттик администрациясынын мурунку башчысы Медет Садыркулов , Эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун мурунку директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов, 13-мартта, 2009-жылы Бишкектин сыртынан өлтүрүлгөн болчу.

Күнөөлүү делип Ош облусунун тургуну Осмонов аттуу жаран кармалган. Сот аны 12 жылга эркинен ажыраткан, бирок белгисиз себептерден улам аны өлтүрүп кетишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД