Бишкекте дүйнөлүк исламдык конференция өтөт

2012-жылдын 9-сентябрында ордо калаанын мамлекеттик тарых музейинин жыйындар залында II эл аралык "Мусулмандардын биримдиги" конференциясы өтөт. Конференцияга бүткүл дүйнө жүзүнөн чакырылган Ислам аалымдары жана диний ишмерлер (Орусиянын, Казахстандын, Тажикистандын жана Өзбекистандын), президент Алмазбек Атамбаев баш болгон мамлекеттик кызматкерлер, Кыргызстанда аккредитация алган элчиликтердин басымдуу көпчүлүгү, мамлекетибизде өз иштерин алып барып жаткан диний фонддор, теология факультеттери бар жогорку окуу жайлар, коомчулуктун өкүлдөрү жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын кызматкерлери катышмакчы. Бул жөнүндө уюштуруучу тарап ЖМКга маалымат таратты.

Конференция Кыргызстанда жана дүйнөнүн бардык жерлеринде Ислам дининин жайылуусу менен биргеликте мусулмандардын жана алардын жамааттарынын арасындагы ажырымдар тууралуу болмокчу. Кыргызстан жана дүйнөдөн чакырылган коноктор бул ажырым жана келишпестиктерди жоюуда мамлекет, окуу жайлар жана диний жамааттар кандай салым кошо алат деген суроонун тегерегинде пикирлерин ортого коймокчу.

"Мусулмандардын биримдиги" аттуу I эл аралык конференция 1998-жылы КМДБнын жана дин иштери боюнча комиссиянын демилгеси менен ошол кездеги Кыргыз Республикасынын президентинин колдоосу менен өткөрүлгөн. Бул аталыштагы быйылкы эл аралык конференция дагы Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын колдоосу алдында Азрети муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин демилгеси менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы тарабынан өткөрүлмөкчү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД