Текебаев менен Абдырахманов согушуп кете жаздашты

Парламенттин пленардык жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен аталган партиядан четтетилген Өмүрбек Абдырахманов согушуп кете жаздашты.

Ачууга алдырышкан депутаттарды кесиптештери эки жолу арачалап калышты. Биринчи конфликттен кийин Текебаев Абдырахмановго келип, сыртка чыгууну сунуштады эле Абдырахманов баш тартып койду. Текебаев болсо кесиптешин уруп жиберүүгө аз калды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД