Текебаев: Абдырахманов "Ата Мекендин" дарегине оозго алгыс сөздөрдү айтты

"Өмүрбек Абдырахманов "Ата Мекендин" дарегине карата оозго алгыс сөздөрдү айтты", - кесиптеши менен курч конфликтке барганын фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев ушундайча түшүндүрдү.

Текебаевдин айтымында, ал Абдырахмановдун жанынан өтүп бара жатса, кесиптеши ага карата оозго алгыс сөздөрдү айткан. Ошондо ал Абдырахмановду сыртка чыгышын өтүнгөн.

"Ал отуруп алып эле дайым Ата Мекендин дарегине ар кандай кептерди айтат. Мен ага залдан чыгалы десем, бортко жармашып алып чыкпай койду", - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД