Текебаев: Абдырахманов мага белекке берген костюмун кайра сурап жатат

"Өмүрбек Абдырахманов мага белекке берген сызыктуу костюмун кайра сурап жатат", - мындай маалыматты бүгүн, 6-сентябрда "ВБ"га берген маегинде "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев айтып чыкты.

Эске салсак, бүгүн парламенттин пленардык жыйынында, ысымдары окшоштордун ортосунда келишпестик болуп кеткен. Текебаевдин айтымында, 2010-жылдын апрелинде Абдырахманов сызыктуу костюм белекке берген жана бул тууралуу маектеринде ар дайым айтып келген. "Азыркы кезде деле сөз кыла берет", - дейт депутат.

Бүгүн, Текебаевдин айтымында Абдырахманов менен болгон конфликт учурунда, кесиптеши костюмду кайтарып берүүсүн айткан. Ал эми костюмду эчак эле ыргытып салгам, деп кошумчалады Текебаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД