Абдырахманов: Текебаев дагы бир жолу асылса, чекесине мээлейм

"Өмүрбек Текебаев дагы бир жолу асылса, чекесине мээлейм", - деп Өмүрбек Абдырахманов бүгүн, 6-сентябрда, "ВБ" га берген маегинде билдирди.

Эске салсак, бүгүн парламенттин пленардык жыйынында, Текебаев менен Абдырахмановдун ортосунда пикир келишпестик болуп кеткен. Абдырахмановдун айтымында, ал коридордо кесиптештери менен сүйлөшүп турган. "Жанымдан өтүп бара жатып Текебаев далыга бир чаап оозго алгыз сөздөр менен cөгүнүп, коркутуп, Жогорку Кеңештен кууп чыгаарын да айтты. Мен билбейм ага эмне болгон? Балким депрессияда болуп жүргөндүр. Бирок, президент болгусу келип жүргөн адам ушинтип бейбаштык кылганы өкүнүчтүү", - дейт Абдырахманов.

"Менде каттоодон өткөн тапанча турат. Бул окуя биринчи жолу эле болуп жаткан жок. Эгерде Текебаев дагы бир жолу мага асылса, мен окту почта аркылуу жибербей, дароо эле чекесине мээлейм деди", - деди депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД