Курманбек Осмонов: Түлеевдин экинчи жолу кармалгандыгы мыйзамсыз

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов, бүгүн, 6-сентябрда, парламенттик отурумда соттолгон партиялашы Нариман Түлеевди экинчи жолу кармалгандыгын мыйзамсыз деп арызданды.

Келдибеков дагы кесиптешин колдоп чыкты. Ал Түлеевдин көзөмөлгө алынып кармалгандыгынын мыйзамдуулугун жана Жогорку соттун чечимин аткарбаган УКМКны текшериш керектигин билдирди.

Эске салсак, 15-августта жарым айдан кийин УКМКнын тергөө абагынан Түлеев Жогорку соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Бирок, ошол эле күнү Башкы прокуратура аны кармоого талап кылган башка кылмыш ишин козгоп, Түлеев көзөмөлдөн бошотулган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД