"Рухий-Мурас" конушунда алдамчылык фактысынын бети ачылды

Бишкек шаарындагы "Рухий-Мурас" жаңы конушундагы суу топтогучтун курулушунда болгон алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин, Октябрь райондук прокуратурасы сотко жөнөттү. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын сайтында жазылат.

Баш калаадагы Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Бишкек мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын ишмердүүлүгүн пландык текшерүү жүргүзүлгөн. Анда "Рухий-Мураста" суу топтогучту куруу ишин жүргүзүүгө жалпы суммасы 4 млн. 418 миң 546 сомдук тендердин жыйынтыгы боюнча бир фирма менен Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгы 2008-жылдын 24-октябрында келишим түзүп, республикалык бюджеттен 1 млн. 70 миң сом которулган.

Бирок, фирманын директору аталган сумманы алып, суу топтогучту орнотуу боюнча эч кандай ишти аткарган эмес. Ал алдамчылык жолу менен 568 миң сомду өз чөнтөгүнө ыйгарып алган. Иликтөөнүн жүрүшүндө мамлекетке келтирилген 568 миң сомдук чыгым ордуна кайтарылды.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча 2012-жылдын 25-августунда аталган фирманын башчысына айып тагылып, кылмыш иши Октябрь райондук сотуна өткөрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД