Бүгүн Бишкектин чыгыш тарабында электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 7-сентябрда, саат 10дон 17:00 ге чейин Бишкектин чыгыш тарабындагы мурунку турбаза районунда, Бакинский, Тоголок Молдо, Щусев, Шербаков көчөлөрү менен чектешкен аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул туралуу "Түндүк Электр" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, 7-сентябрдан 10-сентябрга чейин Сокулук районунун Комсомол жана Студент айылдарында саат 9:00дан кечки саат 5:00ке чейин кыска мөөнөттүү өчүрүү болот.

Электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы - электр жабдыктарын оңдоо иштерине байланыштуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД