Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басарлары кызматтан бошотулду

Кечээ, 6-сентябрда, КР президенти Алмазбек Атамбаев бир нече жарлыктарга кол койду. Бул туурасында КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ага ылайык Мукамбетов Мурат Картайбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу КР президентинин аппаратынын жетекчисинин 1-орун басары кызматынын бошотулду.

Ошондой эле башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Сабиров Шухрат Маматалиевич КР президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары кызматынан, ал эми Черноморец Виктор Викторович КР президентинин кеңешчисинин кызматынан бошотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД