5 млн. сомго жакын акча каражатын уурдаган кылмыштуу топ кармалды

Нарын шаардык ИИБнын кызматкерлери 5 млн. сомго жакын акча каражатын уурдаган кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-августта Нарын шаардык ички иштер органына, жергиликтүү жаран уурдоо фактысы менен арызданган. Ал 20-августта белгисиз бирөөлөр анын үйүнө кирип буюмдарын, документтерин жана 3 млн.сом, ошондой эле 38 миң АКШ долларын уурдап кетишкенин айткан.

Аталган окуяга Нарындын 3 тургуну шектелип, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери аларды колго түшүрүү үчүн Чүй облусуна жана Бишкек шаарына келишкен. Жакында аталган топтун 2 мүчөсү борбордо жашынып жүргөн жеринен кармалды.

Маалыматка караганда, кармалгандар Нарындын тургундары болуп чыкты. (Алардын бири 20, калгандары 21 жашта). Тинтүү маалында уурдалган каражаттар табылган. Алардын жанынан 2 млн. сом жана 28 000 доллар алынды. Калган акчага унаа сатып алышканы, ошондой эле тааныштарына карызга бергендери маалым болду.

Учурда тергөө жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД