"Tulparsystem" маалыматтык системасынын бет ачары болот

Бишкекте "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы "Tulparsystem" маалыматтык системасынын бетачарын өткөрөт. Иш чара 12-сентябрда болот, деп аталган ишкананын башкы директору Кылычбек Жакыпов билдирди.

Анын айтымында, "бирдиктүү терезе"- импорт, экспорттук операцияларда документтерди топтош үчүн убакытты жана каражатты үнөмдөгөнгө жардамчы болот.

12-сентябрда өтө турган бет ачарга КР 1-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев, Кыргыз Республикасынын экономика министри Темир Сариев, КР Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов катышмакчы.

"Бирдиктүү терезе"- сырткы соода чөйрөсүндө "Tulparsystem" интернет систесмасы аркылуу ишке ашырылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД