Өзбекстандын чек арачылары кыргызстандык жаранга ок чыгарышты

6-сентябрда, болжол менен таңкы саат 4тө Араван районунун Анарбак аймагына каршы жайгашкан Өзбекстан Республикасынын аймагынан Кыргызстандын жараны Т.Акматалиев каза болду. Бул тууралуу Чек ара аскерлигинин коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда, каза болгон жаран мамлекеттик чек араны бузуп, андан ары 150 метр Өзбекстандын аймагына кирип кеткен.

Өзбек тараптын айтымында, эскертүү берилгенине карабастан Кыргызстандык жаран кыймыл аракетин токтоткон эмес. Натыйжада коңшу тарап ок чыгарган.

Кечээ, 6-сентябрда, каза болгон жарандын сөөгү Кызы-Кыя постунан туугандарына өткөрүлүп берилди.

Тергөө иш чаралары жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД