Кытайдын сот системасын үйрөнүш үчүн Кыргызстандан 7 сот барат

Ушул жылдын 9-сентябрынан 29-сентябрына чейин республикабыздын бардык облустарынан 7 сот Кытайга барат. Алар Пекинден "Сотторду кытайлык укук жана сот системасына окутуу" деген аталыштагы курстарга катышып келишмекчи. Бул туурасында КР Жогорку сотунун маалымат кызматы билдирди.

Аталган курс биринчи жолу Кытай элдик Жогорку соту тарабынан колдоого алынып, ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгынын алкагында өткөрүлүүдө. Ага Кытайдан башка ШКУга мүчө беш мамлекеттин ар биринен жетиден сот чакырылган.

Уюштуруучулардын айтымында, бул сыяктуу иш чаралар ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын жогорку баскычка көтөрөт.

Жыйырма күндүк окуу программасына КЭР сот системасынын уюштуруучулук системасы жана башка жагдайлары киргизилген.

Ошондой эле Шанхайга сапар жасоо каралган. Кыргызстандан баруучу соттордун тизмеси:

Бакирова Нүргүл – Ош облусттук сотунун төрагасынын орун басары;

Бейсекеев Эрмек - Бишкек шаардык сотунун судясы;

Толубаева Бермет – Бишкек шаардык сотунун судясы;

Мамаев Жыргалбек – Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун төрагасы;

Салиев Калыгул – Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун судясы;

Сыдыков Советбек – Нарын облусттук сотунун төрагасы;

Эрмаматова Сюита – Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судясы


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД