Бишкекте маршруттук таксилердин техникалык абалы текшерилди

Бүгүн, 7-сентябрда,Бишкек шаардык мэриясына караштуу шаардык транспорт башкармалыгы (ШТБ), транспорт инспекциясы жана Бишкек шаардык жол коопсузугу башкармалыгы менен биргеликте маршруттук таксилерди текшеришти. Анда унаалардын техникалык абалы байкоого алынды.

Алгач маршруттук унааларды текшерүүгө атайын 3 топ уюштурулду. Алар Аламүдүн кичи районундагы, "Дордой" базарындагы жана "Арча-Бешик" жаңы конушундагы унаалар токтоочу жайга барып ишин улантышты. ШТБнын башчысы Зайытбек Назырынбеков менен бирге "ВБ"нын дагы кабарчысы, "Арча-Бешик" жаңы конушундагы унаалар токтоочу жайда болушту.

Автоинспекторлор ары-бери өткөн маршруттук унааларды токтотуп, кузовун жана салонду текшерүүгө алышты. Эгерде кандайдыр бир эрежелер бузулган болсо, анда дароо эле протоколдор түзүлдү.

Эске салсак, эреже бузуулар абдан көп болду. Айрымдары тааныштыка салып кутулуп кетүүгө да аракет жасашты. Бирок, кызматкерлер тартипти бекем сакташып, протоколдорду мыйзам чегинде түзүштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД