Жарандар 3-революцияны ишке ашырууга даярдыгын билдиришти

Бүгүн, 7-сентябрда, Талас облусунан келген "2010-жылдын 6-апрелиндеги элдик революцияга адилеттүүлүк" кыймылынын мүчөлөрү Табылды Осмонов жана Рыскулбек Жангорозов, 3-революция кылганга даяр экендиктерин билдиришти. Айтымдарында, ыңкылапты кан төгүү жолу менен болсо дагы жасаганга даяр. Алар азыркы бийликке талаптарын коюп, 15 күн аралыгында аткарылышын күтө тургандыктарын кошумчалашты.

"89 жаран азыркыдай бийлик үчүн курман болушкан эмес. Парламент таркап кетсин. Атамбаев өзүнүн кызматын аткара алган жок, ал дагы ордунан кетсин. Биз анын огунан коркпойбуз. Жаңы өкмөт дагы кетиши керек. Алардын ордуна жаш жаны кадрлар келсин", - деди Жангорозов.

"Биз балким 10 миң киши, балким 100 киши болушубуз мүмкүн. Бирок бул эч кандай таасирин бербейт. Азыркы бийликти кулатууга чамабыз жетет", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД