Акназарова: Министрлерди кылган ишине жараша кызматтан алыш керек эле

Бүгүн, 7-сентябрда, "Республика" фракциясынын депутаты Роза Акназарова, "ВБ" га берген маеги учурунда, министрлерди партияга тиешеси бар деп кызматтан кетирбей, кылган жумуштарынын жыйынтыгына карап ордунан бошотуш керек деп билдирди.

Эске салсак, өкмөттүн мурунку курамында "Республика" партиясынан Өмүрбек Бабановдон тышкары дагы 4 өкүлү бар болчу. Алар Аскарбек Шадиев, Руслан Казакбаев, Төрөгул Беков жана Кубатбек Боронов. Булардын арасынан Кубатбек Боронов гана мурунку кызмат ордунда калды.

Акназарованын айтымында, ар бир министрди парламентке чакырып отчетун угуш керек эле. Андан кийин гана кызматтан кетирүү чечимин кабыл алыш керек болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД