7-сентябрдан тартып Бишкекте көчө тазалагычтардын иштөө графиги өзгөрөт

7-сентябрдан тартып Бишкекте көчө тазалагычтардын иштөө графиги өзгөрөт. Эми алар таңкы саат 6дан 9га чейин иштешет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы, "Тазалык" муниципалдык ишканасына шилтеме берип билдирди.

Аталган ишкананын жетекчиси Марат Кутановдун айтымында, графикти аргасыздан өзгөртүшүүдө. "Бүгүнкү күнгө чейин саат 7ге дейре көчө тазалагычтар иштерин бүтүрүп кетишчү. Бирок, Бишкек шаарынын көчөлөрүнө, жолдордун четине, арыктарга таштанды толуп калып атат. Бул болжол менен саат 7 жарымдан 8ге чейинки убакытта. Ошол маалда тургундар жумушка баратып таштандыларды атайын челекке салбай жолго калтырып коюп атышат",- дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД