Фронтбек кызы Жамал: Канат Садыков окуучу кыздардан кечирим сурашы керек

"Билим берүү мекемелеринде хиджаб кийгендерге тыюу салып жатышат. Бул тууралуу арыз менен Кыргызстандын мектептеринде окуган 42 окуучу бизге кайрылды",- деп "Мутакалим" Мусулман аялдар прогрессивдүү-коомдук бирикме башкармалыгынын төрагасы Фронтбек кызы Жамал бүгүн, 7-сентябрда, билдирди.

Анын айтымында, КР Билим берүү жана илим министри Канат Садыков окуучу кыздардан кечирим сурашы керек. Ошондой эле тыюу салган мектеп директорлорун иштен алышы керек. Эгерде талаптар аткарылбай турган болсо, анда 22-сентябрда пикетке чыга тургандыктарын белгиледи. Маалыматка караганда, окуучу кыздарды мектептерде кыска юбканы,же мектеп формасын кийүүгө мажбурлап, андай болбогон учурда аларды сабакка киргизбей жатышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД