Калмамбетов: Кыргызстанды күзгү-кышкы сезондо көп көйгөйлөр күтүп турат

Энергетика министри Алмамбек Калмамбетов, Кыргызстанды алдыда келе жаткан күзгү-кышкы сезондо көп көйгөйлөр күтүп турат деп билдирди. Бул тууралуу 7-сентябрда, жаңы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусунда өткөн күзгү-кышкы сезонго даярдык боюнча жыйында белгилүү болду.

Ал жылуулук сезонунун үзгүлтүккө учурашынын 4 себебин айтты. Алардын бири - Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын бириккен энергосистемасынын ишине тиешелүү. Экинчиси - энергообьекттер компаниясын оңдоп түздөө иштеринин кечиктирилиши, кийинки себеби - дебитордук карыз. Акыркы себеби болуп , саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагы, УКМК жана чек ара кызматынын кышка карата отундарды дайындоодогу көйгөйлөрү саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД