Өндүрүш продукциясын чыгаруу 32 пайызга кыскарган

Улуттук статистикалык комитеттин болжолдуу маалыматына караганда, ушул жылдын январынан август айына чейин, өлкөдөгү ишканалар 72 млрд. 155,5 млн. сомго өндүрүш продукциясын чыгарган. Бул өткөн жылдын ушул айларындагы көлөмдүн 68,3 пайызын түзөт.

Мындан улам өндүрүш продукциясынын төмөндөшү 31,7 пайызды түздү. Былтыр аталган айлардын аралыгында өндүрүштүн өсүшү 19,5 пайызга жеткен.

Ошондой эле быйыл "Кумтөр" ишканасын эсепке албаганда, өндүрүштүн өсүшү 9,9 пайызды түзгөн. "Кумтөрсүз" өндүрүш продукциялары 51,7 млрд. сомго өндүрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД