Борбор калаадагы Тынчтык проспектисинде ири жол кырсыгы катталды

Борбор калаадагы Тынчтык проспектисинде ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу "ВБ" га өздүк кабарчылар маалымдашты.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, бүгүн, 10-сентябрда эртен менен БМВ унаасынын айдоочусу катуу ылдамдык менен келе жатып, унааны башкара албай калган. Ал жолдун каршы тарабына чыгып кеткен. Артынан келе жаткан Лексус унаасынын айдоочусу, сүзүшүп кетүүдөн качып, рулду солго буруп жиберген. Акыры унаа бордюрга урунуп, айланып кулап калган. Ал эми женил унаа металлдан жасалган тосмону бузуп, терекке урунган. Натыйжада ал дагы тоголонуп кеткен. БМВнын айдоочусу жана анын 2 жүргүнчү олуттуу жаракат алышты.

Кырсыктын себептерин тергөөчүлөр изилдешмекчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД