Кара-Балтадагы май куюуучу жайды тоноп кетишти

8-сентябрда, болжол менен саат 19да Кара-Балта шаарындагы май куюуучу жайда каракчылык менен кол салуу болгон.

Маалыматка караганда, бет кап кийген белгисиз 2 жаран (алардын бири аял киши), оператор отурган мекемеге кирип келишкен. Кылмышкерлер аны сабап, денесине оор жаракат келтиришкен. Ошондой эле кассадан 41 мин сомду уурдап кетишкен.

Жабырлануучунун айтымында, кол салгандар 20-25 жаштардагы европеид улутундагы жарандар.

Учурда кылмышкерлерди кармоо иш чарасы уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД