Чолпон-Атадагы ат майданга Көлбаевдин ысымы ыйгарылды

Ысык-Көл районуна караштуу Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан Чолпон-Атадагы ат майданына, маркум Асанбек Көлбаевдин ысымы ыйгарылды. Ал криминал чөйрөсүнө белгилүү Камчыбек Көлбаевдин атасы болгон.

Ат майданга ысымды берүү демилгесин Чолпон-Атанын аксакалдары көтөрүп чыгышкан деген маалымат бар. Дагы бир маалыматка ылайык, аталган демилге №54 ат заводунун өкүлдөрүнө таандык.

Асанбек Көлбаев - Ысык-Көл райондук спорт комитетин 34 жыл бою башкарган. Ал кылган иши үчүн, Республиканын эмгек синирген машыктыруучусу деген наамга татыган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД