Кыргызстанда эмгектенген бир жумушчунун орточо айлыгы 10 533 сомду түзөт

2012-жылдын январь-август айларында Кыргызстанда эмгектенген бир жумушчунун орточо айлыгы 10 533 сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин болжолдуу маалыматында жазылган.

2011-жылдын июль айы менен салыштырганда, бул жылы кыргызстандыктардын маянасы 28,3% өскөн. Орточо айлыкты эсептөө маалында, Улуттук статком кичи ишканалардын маалыматтарын эске алган жок.

Кыргызстанда каттоодо турган жумушсуздардын саны 62,6 мин адамга жетет. Бул өткөн жылдын январь-июль айларына караганда 1,4% аз.

Эске салсак, июль айында бир жумушчунун орточо айлыгы 10 473 сомду түзгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД