"Дордой" жаны конушунда болгон өрт кырсыгынан 2 кичине кыз каза болду

"Дордой" жаны конушунда болгон өрт кырсыгынан 2 кичине кыз каза болду. Бул тууралуу "ВБ" га өздүк кабарчылар билдиришти.

Маалыматка таянсак, өтүп бараткан дем алыш күнү аталган аймактагы жеке турак үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Тилсиз жоону алгач коншулар байкап калышкан. Алар дароо өрт өчүргүчтөрдү чакырышкан. Кырсыктын найтыжасында турак жайдын 12 кв. м. күйүп кеткен.

Болжолдуу маалыматка караганда, 3 жаштагы жана 1 жаштагы кыздар ис уруп каза болгон. Алардын апасы жалгыз таштап, сыртынан бекитип кеткен деген божомолдор айтылууда.

Учурда кырсыктын чоо жайы иликтенүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД