Мал уурдаган 60 жаштагы жаран кармалды

Аламүдүн РИИБнын аймактык тескөөчүлөрү 60 жаштагы мал уурдаган жаранды кармашты. Бул туурасында Чүй шаардык ИИБнын басма сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүгө караганда, өтүп бараткан дем алышта белгисиз бирөөлөр, Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынын 27 жаштагы тургунунун сарайына кирип, улагын уурдап кетишкен. Малдын ээси милицияга арыз менен кайрылган. Келтирилген чыгым 3 мин сомдон ашкан.

Милиция кызматкерлери кылмыштын изин суутпай 60 жаштагы жаранды кармашты. Ал өзүнүн күнөөсүн мойнуна алды. Учурда жаран убактылуу кармоочу жайга алынып келинди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД