Талантбек Узакбаев: Кыргызстандын ветеринариясы-эки баштуу

"Кыргызстандын ветеринариясы - эки баштуу", -деп бүгүн, 10-сентябрда, агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча парламент комитетинин отурумунда аталган комитеттин төрагасы Талантбек Узакбаев айтып чыкты.

Айтымында, ветеринария боюнча Департамент менен ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ортосунда келишпестик пайда болду. "Алар Бишкек шаарында бири-бири менен ыркы келишпей жатканда, жер-жерлерде иш жүрбөйт. Ал эми өлкөдө мал жандыктарынын оорулары катталып атат",-дейт Узакбаев.

"Сибирь жарасы, шарп жана башка мал ыландары катталып жатканда, ортодогу келишпестиктерден улам чек арадагы ветеринардык көзөмөлдөө посттору алынып салынууда. Бул кылмыштуулук. Мал оорулары каяктан чыгып жатканын ким билет? Кыргызстанда эпизоотикалык кырдаал абдан курч. 2005-жылдан бери эле өлкөдөгү эпизоотикалык кырдаалга бир гана орган жооп берип келген. Азыр болсо анын функцияларын Департамент менен мамлекеттик инспекция карап атат. Экинчи органды түзүү туура чечим, бирок структурасы чийки",- деди Узакбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД