Жарандар Суталиновдун сот ишине катышуусун талап кылышууда

"7-апрель боюнча соттун жүрүшүндө биз бир бурчка кептелип калдык", - деп бүгүн, 10-сентябрда, апрель окуялары боюнча иликтөө сотунда судья Дамир Онолбеков билдирди.

Айтымында, бүгүн сот процессинин бардык катышуучулары УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновдун толук кандуу айыгып чыгып, сотко катышуусуна чейин сот ишин улантыш керекпи же жокпу, ушул маселени чечиш үчүн чогулушкан.

Суталиновдун жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаевдин айтымында, Суталинов учурда дарыланып жатат. "Эгерде сот Суталиновду көзөмөл алдынан бошотсо, ал процесске келип катышат", -деди Ташбалтаев.

Жабырлануучулардын өкүлү Осунбек Жамансариевдин айтымында, алар бардык чараларга даяр. "Биз үчүн 7-апрель окуясы боюнча сот ишинин уланганы маанилүү. Соттун бардык чечимине даярбыз", - дейт ал.

Күнөө коюп жаткан тарап Суталиновду зембил менен болсо дагы сотко алынып келинишин же кандайдыр бир женилдетилген чаралар көрүлүшүн сунуштап жатышат. Негизгиси, Суталинов сотко катышсын дешүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД